Православ машайакчы болуу үчүн Кудайга чын дили менен ишенип, Анын алдында тобо кылып, Ыйса Машайакты Кудайдын Уулу жана Куткаруучу деп кабыл алып, Чөмүлдүрүлүү аркылуу Анын Православ Жыйынына кирүү керек.

Бул үчүн Православ диндин Ишеним символунда айтылган негиздерин билүү керек.

Эгерде адам чын жүрөктөн Кудайга ишенип, православ динди тутса, ал Чөмүлдүрүлө алат, анткени «кимде-ким суудан жана Рухтан төрөлбөсө, Кудайдын Падышачылыгына кире албайт» (Ин. 3:5).

«Чөмүлдүрүлүү — динди туткан адам Кудай Ата, Кудай Уул жана Ыйык Рухту чакырып, сууга үч жолу чөмүлдүрүлүп, денеге таандык күнөөлүү жашоодон ажырайт, Ыйык Рух менен рухий, ыйык жашоо үчүн кайрадан жандандырылат» (олуя жыйын башчысы Москвалык Филарет).

Князь Владимирдин Чөмүлдүрүлүүсү.

Чөмүлдүрүлүүнү каалаган адам ар кандай православ чиркөөгө барып, ыйык кызмат кылуучуга же чиркөөнүн кызматчыларына кайрылса болот. Алар ушул улуу сырдуулукка даярданууда жардам беришет.

Эгерде турган жериңиздин жанында православ чиркөө жок болсо же Чөмүлдүрүлүүгө байланыштуу башка тоскоолдуктар пайда болсо, бизге кайрылсаңыз болот, биз жардам беребиз.