Силерге тынчтык болсун!

«Мир вам!» (Силерге тынчтык болсун!) деген маалыматтык портал Машайак жана православ дин жөнүндө интернет аркылуу күбөлөндүрүү үчүн ачылган. Муну менен Куткаруучунун «Баргыла да, бардык элдерди Мага шакирт кылгыла. Аларды Ата, Уул жана Ыйык Рухтун атынан сууга чөмүлдүргүлө» деген осуятын аткарууга салым кошуу мүмкүнчүлүгүн көрөбүз.

Ыйса Машайак Өз шакирттери менен «Силерге тынчтык болсун!» деп саламдашчу. Элчилер да Жакшы Кабар таратканда, ушундай эле айтышчу.

Биз Теңирибиз жана Куткаруучубуздун сөздөрүн айтканда, Сизге тынчтыкты — Кудайдан тынчтыкты каалайбыз.

Бул порталда Сиз православ машайакчылар Кудайга кандай ишенишет, машайакчы кандай болууга болот жана Православ Жыйын өлкөңүздө барбы деген маалыматты өз тилиңизде окусаңыз болот. Албетте, суроолоруңуз болсо, кубаныч менен жооп беребиз.

«Мир вам!» (Силерге тынчтык болсун!) деген маалыматтык портал Москва Епархиясы кеңеши алдындагы Миссионерчилик жана катехизация комиссиясы тарабынан олуя жыйын башчысы Улуу Василий атындагы аналитикалык борбордун жардамы менен түзүлгөн.